Токтогул районунун Кара-Көл шаарына 3 автобус сатып алынат. Жергиликтүү мэрия жүргүнчү ташуучу транспортту сатып алууга тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, бул максатта дээрлик 8 миллион сом бөлүнөт.
Автобустар дизель менен жүрүп, 18 орундуу болот.