Бишкекте соңку күндөрү турукташкан жылуу күндөрдү суук алмаштырат

Бишкекте соңку күндөрү турукташкан жылуу күндөрдү суук алмаштырат. Синоптиктердин маалыматына ылайык, аба-ырайынын бузулушу бүгүн кечинде эле байкалат.

 

Ордо калаада катуу шамал болуп, кар жаайт. Ал эми эртең термометр мамычалары нөлдөн жогору көтөрүлбөйт. Эртең жаан-чачын басылганы менен, кайрадан жума күнү жаайт. 23-декабрда күндүз Бишкекте 6 градуска чейин суук болот. Бирок эс алуу күндөрү суук бир аз кайтып баштайт.