Күзгү жалпы республикалык тестирлөөгө 1 миң 260 адам катышты

Күзгү жалпы республикалык тестирлөөгө 1 миң 260 адам катышты. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, катышуучулардын 71 пайызы 100дөн жогору балл топтой алды.

 

ЖРТнын жыйынтыгы менен орточо балл – 126 деп орнотулду. Эске салсак, быйыл биринчи жолу жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу жүргүзүлөт. Ал үчүн Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан күзгү жалпы республикалык тестирлөө өткөрүлгөн.