Кыргызстандагы эң бийик балатынын оту Ош шаарында жанды. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, салтанаттуу иш-чара шаар бийлиги жана жергиликтүү артисттердин катышуусу менен өттү.
Балатынын бийиктиги 29 метрди түзөт. Ал Бишкектин Ала-Тоо аянтында орнотулган өлкөнүн башкы балатысынан 4 метрге бийик.