Кыргызстанда 2023-жылдын 1-апрелинен тарта кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдардын суммасын жогорулатуу пландалууда

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-апрелинен тарта кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдардын суммасын жогорулатуу пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

 

Документте айтылгандай, бүгүнкү күндө пособиенин орточо өлчөмү 1 миң сомго барабар. Бул сумма жашоого зарыл минимум болгон 8 миң 100 сомго туура келбейт. Инфлянияны эске алуу менен жана аялдарды кош бойлуу кезинде, төрөттөн кийинки учурунда колдоо максатында пособиени 2 миң сомго жеткирүү сунушталды.