Ысык-Көлдө эс алуу жайлардын курулуш эрежелеринин сакталышы текшерилүүдө

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ысык-Көл облусундагы пансионат жана эс алуу жайларынын курулуш нормаларынын жана эрежелеринин сакталышын текшере баштады. Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, андан тышкары, саркындуу сууларды тазалоочу курулмарын мониторингдөө процесси ишке киргизилди. «Бир айдын ичинде комиссия Кыргызстандын шаар курууну жана… Кененирээк…

Японияда кытайлык кеме чөгүп, 18 моряк дайынсыз болууда

Японияда кытайлык жүк ташуучу кеме чөгүп, 18 моряк дайынсыз болууда. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыкты. Бардыгы болуп кемеде 22 адам, анын ичинен 14ү Кытайдын, 8и Мьянманын жарандары болгон. Кеме адам жашабаган Дандзе аралдарынын аймагында болгон. “Чөгүп бараткандарга жардам берүү үчүн жээктеги бир нече коопсуздук кайыктары,… Кененирээк…

Бангладеште контейнерге жашынып алган окуучу Малайзиядан табылды

Бангладеште контейнерге жашынып алган окуучу Малайзиядан табылды. Баланы малайзиянын портунун кызматкерлери таап, дароо полицияга кайрылган. Көрсө, окуучу достору менен жашынмак ойноп жүрүп, жүк ташуучу контейнерге бекинүүнү чечкен. Оюн арасында бала уктап калып, контейнерди болсо кемеге жүктөп салышкан. Ал бир нече күн бою эч нерсе жеген… Кененирээк…

АКШда уктар алдында сыр жегенге даяр адамдарды издеп жатышат

АКШда уктар алдында сыр жегенге даяр адамдарды издеп жатышат. Компаниялардын бири адам жатарда сүт азыктарын колдонсо коркунучтуу түш көрөбү же жокпу аныктоого аракет кылууда. Бул максатта изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат. Тандалган беш адамга түнкүсүн сыр жеп, андан кийин уйкусуна көз салып, анын сапатын жазуу жүзүндө… Кененирээк…

Бишкектеги №47 түзөтүү колониясынын ордуна кичи район курулат

Бишкектеги мурдагы №47 түзөтүү колониясынын аймагына 10 миң батирлүү кичирайон курулат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Анын айтымында, бул максатта республикалык бюджеттен каражат бөлүү каралууда. Ошондой эле каржы ресурстарын тартуу боюнча донорлор менен иштешүү уланып жатат. Турак жай жарандарга «Мамлекеттик ипотекалык… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдө милиция күчөтүлгөн тартипке өтөт

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарына байланыштуу Бишкек жана Чүйдө милиция күчөтүлгөн тартипке өтөт. Ички иштер министрлиги жогорку деңгээлде коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрөт. Учурда милициянын посттору менен каттамдары аныкталды. Ошондой эле, укук бузууларды эскертүүгө, кылмыштарга бөгөт коюуга жана аныктоого багытталган алдын… Кененирээк…

Өзбекстан менен кызматташуу боюнча 28 документке кол коюу пландалууда

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында жалпысынан 28 документке кол коюлары күтүлүүдө. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев коңшу өлкөнүн Инвестициялар, өнөр-жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолугушусунда талкууланды. Маалыматка ылайык, сапарды утурлай кыргыз-өзбек бизнес форуму да өтөт. Өзбек… Кененирээк…

Кыргыз футбол бирикмеси италиялык кесиптештери менен кызматташат

Рим шаарында Кыргыз футбол бирикмеси менен Италиянын футбол федерациясынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, документке 24-январда Рим шаарында кол коюлду. Учурда бирикменин өкүлдөрү аталган шаарда иш сапар менен жүрүшөт, алар Италиянын футбол федерациясынын эл аралык кеңсесинин жетекчиси Данило Филаккионе менен… Кененирээк…

Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй курулат

Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй курулат. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, курулуш иштерин быйыл май айында баштоо пландалууда. Бардык үйлөр жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл болгон нерселер менен камсыздалат. Белгиленгендей, кыргыз бийлиги Афганистандын Кичи жана Улуу Памиринен этникалык кыргыздарды толугу менен… Кененирээк…

Айдоочулук күбөлүк алууну каалагандарга сак болуу сунушталат

Айдоочулук күбөлүк алууну каалагандарга сак болуу сунушталат. “Унаа” мамлекеттик мекемесинин маалыматына караганда, социалдык тармактарда жана мессенджерлерде күбөлүк сатып алууну сунуштаган шылуундар пайда болду. Мекеме айдоочулук күбөлүктү “Унаа” ишканасы гана бере турганын эскертет. Белгилеп кетсек, документ алуу үчүн автомектепте окуп, сынак тапшыруу керек.