Бангладеште контейнерге жашынып алган окуучу Малайзиядан табылды

Бангладеште контейнерге жашынып алган окуучу Малайзиядан табылды.

Баланы малайзиянын портунун кызматкерлери таап, дароо полицияга кайрылган.

Көрсө, окуучу достору менен жашынмак ойноп жүрүп, жүк ташуучу контейнерге бекинүүнү чечкен.

Оюн арасында бала уктап калып, контейнерди болсо кемеге жүктөп салышкан.

Ал бир нече күн бою эч нерсе жеген эмес.

Дарыгерлер анын ден соолугу жакында толугу менен калыбына келет деп ишендиришүүдө.