Бишкектеги №47 түзөтүү колониясынын ордуна кичи район курулат

Бишкектеги мурдагы №47 түзөтүү колониясынын аймагына 10 миң батирлүү кичирайон курулат.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, бул максатта республикалык бюджеттен каражат бөлүү каралууда.

Ошондой эле каржы ресурстарын тартуу боюнча донорлор менен иштешүү уланып жатат.

Турак жай жарандарга «Мамлекеттик ипотекалык компания» ишканасы аркылуу берилет.