АКШда уктар алдында сыр жегенге даяр адамдарды издеп жатышат

АКШда уктар алдында сыр жегенге даяр адамдарды издеп жатышат.

Компаниялардын бири адам жатарда сүт азыктарын колдонсо коркунучтуу түш көрөбү же жокпу аныктоого аракет кылууда.

Бул максатта изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Тандалган беш адамга түнкүсүн сыр жеп, андан кийин уйкусуна көз салып, анын сапатын жазуу жүзүндө баалоо сунушталат.

Бул иш үчүн макул болгондорго 1 миң доллардан берилет.