Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы күрөш боюнча ири эл аралык турнирге катышат
Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы күрөш боюнча ири эл аралык турнирге катышат. Мелдештер Хорватияда 1-5-февраль аралыгында өтөт. Бул кирип келген жылдын алгачкы рейтингдик мелдеши болот. Ага дүйнөнүн ар бурчунан келген 600дөн ашык спортчусу катышат.