Майкл Джексон тууралуу тасмада башкы каарманды анын жээни ойнойт

Майкл Джексондун өмүр баяны тууралуу фильмде башкы ролду анын жээни Джафар Джексон ойнойт.

Тасма «Майкл» деп аталат.

26 жаштагы Джафар 12 жашынан бери ырдап, бийлейт.

Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына атактуу агасынын бий кыймылдарын чагылдырган сүрөтүн жарыялаган.

Фильмдин режиссеру Антуан Фукуа болот.

Лента артисттин жашоосунун бардык аспектилерине көңүл бурат.