Элтон Джондун коштошуу туру тарыхтагы эң кирешелүү тур болду

Элтон Джондун коштошуу туру тарыхтагы эң кирешелүү тур болду.

Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, гастролдон 800 миллион доллардан ашык киреше түшкөн.

Буга чейин мындай көрсөткүчкө бир дагы артист жеткен эмес.

Эске салсак, Элтон Джон быйылкы коштошуу турнесин 2018-жылы январь айында эле жарыялап, аны тогуз ай кеч баштады.

Түндүк Америкада, Европада, Австралияда жана Жаңы Зеландияда 200дөн ашык концерт коюлду.

Музыканттын пландары боюнча иш-чаралардын жалпы саны 333кө жетиши керек.