Бишкекте уруксатсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу аракети көрүлүүдө

Бишкекте уруксатсыз курулган көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамдаштыруу аракети көрүлүүдө.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, мунапыс алкагында ар бир үй текшерилип, уруксат ошонун негизинде гана берилет жана бул бир эле жолку мыйзам болот.

Андан кийин мыйзамсыз имараттарды курган компанияларга карата лицензиясын тартып алууга чейинки чаралар көрүлөт.

Кыргызстанда 87 мыйзамсыз курулуш бар, анын 37си Бишкекте салынган.