Ысык-Көлдө туристтерди тейлөө борборлору курулат

Ысык-Көлдө туристтерди тейлөө борборлору курулат.

Бул тууралуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоордун алкагында беш объектти түзүү пландалууда.

Имараттарда маалымат борборлору, кичи базарлар, кафетерий, медициналык кабинет жана жуунучу бөлмөлөр болот.

Курулушту 2024-жылга чейин бүтүрүү пландалууда.

Келечекте ушундай борбор Ош облусунда да түзүлүшү мүмкүн.