Министрлер кабинети “Аманат” улуттук холдингин түзүү идеясынан баш тартты

Министрлер кабинети “Аманат” улуттук холдингин түзүү идеясынан баш тартты.

Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, эл өкүлдөрү бул демилгени колдошкон жок.

“Аманат” холдингин түзүү планы өткөн жылдын июль айында белгилүү болгон.

Ишкана Кыргызстандагы 16га жакын акционердик коомду бириктире турганы маалымдалган.

Долбоордун негизги максаттарынын бири мамлекеттин катышуусу менен жергиликтүү компанияларды эл аралык валюта рынокторуна чыгаруу болгон.