Ошто быйл 5 бала бакча ачылат

Ошто быйл 5 бала бакча ачылат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемелери Амир-Тимур, Курманжан Датка кичи райондорунда жана Кеңеш, Ак-Тилек калк жашаган түйүндөрүндө пайда болот.

 

Учурда төрт объектте иштер жүрүүдө, ал эми дагы бир имараттын курулушу жакынкы арада башталат. Бул максатта каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.