Бишкекте жаңы автобустук каттам түзүлдү

Бишкекте жаңы автобустук каттам түзүлдү. Мэрия маалыматына ылайык, №50 автобус Жилгородоктон Рухий-Мурас жаңы конушуна чейин барат. Каттамдын жалпы узундугу 44 чакырым, автобустардын жүрүү интервалы – 7 мүнөт.

 

Эске салсак, өткөн айда Бишкекке Кытайдан 120 автобус жеткирилди. Айрым маршруттук каттамдар жоюлуп, ордуна жаңы автобустук линиялар түзүлүүдө.