Бишкекте таштандыны чыгаруу жана кайра иштетүү чехиялык компанияга  өткөрүлөт

Бишкекте таштандыны чыгаруу жана кайра иштетүү чехиялык компанияга  өткөрүлөт.

Тиешелүү протоколго калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров менен чехиялык компаниялар консорциумунун өкүлдөрү кол коюшту.

Маалыматка ылайык, чет элдик инвесторлор таштандыны кайра иштетүүчу заводдун курулушу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырат.

Анын сметалык баасы 45 миллион долларды түзөт.

Завод санитардык полигондун аймагында курулат.

Эми адистер долбоордун “жол картасынын” үстүндө иштейт.