Мамлекеттик ишканалардын кирешеси толугу менен материалдык-техникалык базаны жаңыртууга жумшалат

Мамлекеттик ишканалардын кирешеси толугу менен материалдык-техникалык базаны жаңыртууга жумшалат. Тиешелүү чечимди министрлер кабинтети кабыл алганын Экономика министрлигинен билдиришти.   Кеп 2022-жылдан 2025-жылга чейинки мөөнөт тууралуу болуп жатат. Түшкөн каражатка ишканалар керектүү жабдууларды жана техниканы сатып алса болот.   Анын ортосунда, жетекчилер акчанын сарпталышы боюнча отчет… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу кезектеги жолугушуу Душанбеде өтөт

Кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу кезектеги жолугушуу Душанбеде өтөт. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, эки өлкөнүн жумушчу топтору 10-16-март күндөрү жолугат. Белгиленгендей, Бишкектен Тажикстандын борборуна барчу топтун курамы бекиди жана анын башчысына өкмөттүн чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев дайындалды. Эске салсак, буга чейинки кыргыз-тажик чек ара… Кененирээк…

9-мартта Бишкектин эки конушунда суу болбойт

9-мартта Бишкектин эки конушунда суу болбойт. “Бишкексууканалдан” билдиришкендей, кеп “Ала-Тоо-1” жана “Ала-Тоо-2” жаңы конуштары жөнүндө болуп жатат. Суу эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин өчүрүлөт. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.

Ошто жолдорду оңдоо иштери башталды

Ошто жолдорду оңдоо иштери башталды. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, учурда шаардын борбордук көчөлөрүндө жамоо иштери жүргүзүлүүдө. Маалыматка ылайык, июнь айынын башына чейин калаанын бардык жолдору оңдоп-түзөөдөн өтөт. Азыркы тапта Ленин көчөсүн жамап-жасоо иштери жүрүп жатат. Жумушка 6 атайын техника тартылган.

Адистер 8-март күнү жакындарга эмне белек берсе болорун айтышты

Адистер 8-март күнү жакындарга эмне белек берсе болорун айтышты. Алар белгилегендей, белек аял затына жагыш үчүн аны туура тандоо керек. Эң негизгиси тиричилик буюмдары, тиричилик техникасы, бөлмө өсүмдүктөрү, шампунь, гел өңдүү ванна аксессуарлары, ошондой эле аялдын табитин билбеген соң атырды белекке бербеген оң дешет. Аялдар… Кененирээк…