Ошто социалдык дүкөндөр ижарага берилет

Ош шаарынын мэриясы социалдык дүкөн ачууну каалаган ишкерлерди жеңилдетилген ижара шартында иштетүү үчүн конкурска катышууга чакырат. Аталган дүкөндөр курулуп бүткөн, ижара акысы айына — болгону 2 700 сом. Алар төмөнкү даректерде жайгашкан: Рыспай Абдыкадыров көчөсү, 143; Мамыров көчөсү (болжол менен «Фархад» чайканасы); Кулатов кичи району,… Кененирээк…

Бишкектеги №63 мектепти курчоого алышты

Борбор калаанын 11-кичи районундагы №63 мектеп- гимназияга бомба коюлганы боюнча маалымдашкан. Бул туурасында Октябрь райондук милициясынан кабарлашты. Кабар саат 09:43тө Бишкек ШИИББдин нөөмөт бөлүгүнө келип түшкөн. Гимназиянын аймагы курчалып, окуучулар менен андагы иштегендер эвакуация болгону айтылды.

Прокуратура Чүйдө 66 гектардан ашык жер мыйзамсыз берилгенин маалымдады

Чүй облустук прокуратурасы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жарлыктын аткарылышы боюнча Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссиянын ишмердүүлүгүн текшерип, 66,8 гектар жер мыйзамсыз берилгенин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.   «Текшерүүдө аталган комиссиянын мүчөлөрү, бир нече кызмат адамдары менен жең… Кененирээк…

«Мегакомдун» мурдагы жетекчилеринин бири коррупцияга шектелип кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) «Альфа Телеком» мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси кармалганын маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы ал «ашыкча баа менен жабдууларды сатып алууга» шек саналып жатканын ырастады. Маалыматка караганда, ишкананын IT-технология боюнча департаментинин мурдагы жетекчиси тендердин катышуучулары менен жеке келишим түзүп, жогорулатылган баада… Кененирээк…

Эл аралык театр күнүнө карата «Эргүү» улуттук сыйлыгы тапшырылды

27-март — Эл аралык театр күнүнө карата Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу “Эргүү” улуттук театр сыйлыгын тапшыруу аземин өткөрдү. Салтка айланган “Эргүү” театр сыйлыгы быйыл онунчу ирет берилди.   Ош улуттук Султан Ибраимов атындагы драма театры сахналаштырылган “Кулан”… Кененирээк…

Кыргызстанда ОСАГО 2024-жылдын 1-январынан тарта милдеттүү болот

Кыргызстанда ОСАГО 2024-жылдын 1-январынан тарта милдеттүү болот. Тиешелүү токтом долбоорун Министрлер кабинети кабыл алды. Камсыздандыруусу жок унаа ээлерине кийинки жылдан тарта айып салына.   Ал эми юридикалык жактарга, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына таандык болгон, ошондой эле башка мамлекетте каттоого алынган машинелерден ушул жылдын … Кененирээк…

Перулук жеңил атлетчи Кимберли Гарсия спорт жүрүшү боюнча дүйнөлүк рекорд орнотту

Перулук жеңил атлетчи Кимберли Гарсия спорт жүрүшү боюнча дүйнөлүк рекорд орнотту. 29 жаштагы спортчу 35 чакырымдык дистанцияны 2 саат 37 мүнөт   44 секундда басып  өттү.   Буга чейинки дүйнөлүк рекорд россиялык Клавдия Афанасьевага таандык болчу. Ал бул аралыкты 2 саат 38 мүнөт 24 секундда баскан.… Кененирээк…

Ордо калаанын Кызыл-Аскер районунда үй-бүлөлүк медицина борбору пайда болот

Ордо калаанын Кызыл-Аскер районунда үй-бүлөлүк медицина борбору пайда болот. Мэрия маалыматына ылайык, анда дарыгерлердин кабинеттери, ЭКГ, УЗИ жана техникалык имараттар болот.   Объект колдонууга ушул жылдын июль айында берилет деп пландалууда. Дарыгерлик борбордун жаңы корпусунда Ленин районунун тургундарына бардык зарыл медициналык жардам көрсөтүлөт.

Эми WhatsApp аркылуу видео билдирүүлөрдү жөнөтсө болот

Эми WhatsApp аркылуу видео билдирүүлөрдү жөнөтсө болот.   Маалыматка ылайык, эми колдонуучулар 1 мүнөткө чейинки видеолорду тартып жөнөтө алышат. Бул файлдар башкалардай эле жашыруун сакталып, үчүнчү жактарга көрүнбөйт.   Учурда жаңы функция сыноодон өтүп жатат. Ал жакынкы арада бардык колдонуучуларга жеткиликтүү болот.

Бишкекте келе жаткан жекшембиде велосезон ачылат

Бишкекте келе жаткан жекшембиде велосезон ачылат. Иш-чара ордо калаанын 145 жылдыгына арналат.   Мэрия маалыматына ылайык, велосипедчендердин жүрүшү “Ала-Тоо” аянтынан башталып, Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркына чейин болот.   Буга байланыштуу, 2-апрелде эртең мененки саат 9дан 10 жарымга чейин айрым борбордук көчөлөр маал-маалы менен тосулат,… Кененирээк…