Нарында айылдар ирилештирилет

Нарында пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлөт. Бул боюнча жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

 

Ага ылайык, облустагы бир катар айылдар бириктирилет.

 

Ирилештирүүнүн эсебинен жергиликтүү бюджетке киреше салыгынан түшүүчү каражаттын 50 пайызы Нарындын райондорун өнүктүрүү фондуна берилет.