Бишкектен Анталияга авиакаттамдардын көбөйтүлүшү күтүлүүдө

Бишкектен Анталияга авиакаттамдардын көбөйтүлүшү күтүлүүдө. “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, 15-апрелден тарта ата мекендик авиакомпания Бишкек – Анталия – Бишкек багыты боюнча кошумча чартердик каттамдарды ачууну пландап жатат.

 

Каттамдар жумасына эки жолу – шейшемби жана ишемби күндөрү ишке ашырылат.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин аталга багыт боюнча жумасына 7 туруктуу каттам аткарылып келген.