Бишкекте айрым маршруттук каттамдардын кыймылы өзгөртүлдү

Бишкекте №135, 136 маршруттук каттамдардын жана №48 автобустун кыймылы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, маршруттук каттамдардын багыты Асаналиев көчөсүнө канализациялык коллектор төшөлүп жаткандыгына байланыштуу өзгөрдү. Мындан улам жарандар каттамды алдын ала пландап алуусу зарыл.