Бишкекте таштандыны туш келди ыргыткандарга айып пул салына баштады

Бишкекте таштандыны туш келди ыргыткандарга айып пул салына баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, шаарды көрктөндүрүүгө көзөмөл кылган инспекция “Тазалык” ишканасы менен бирге рейддерди жүргүзүп жатат. Алсак, эки күндө үч райондо алты тартип бузуу аныкталып, 45 миң сом айып салынды.