Баткенде үч мектеп жана эки бала бакчанын курулушу башталды

Баткенде үч мектеп жана эки бала бакчанын курулушу башталды. Президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдиргендей, курулуш Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги аркылуу ишке ашырылууда.   Маалыматка ылайык, имараттар чек арага чектеш Ак-Сай, Көк-Таш, Кызыл-Бейит жана Кара-Бак айылдарында салынат.   Эске салсак, буга чейин аймакты өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банк… Кененирээк…

Бишкектеги «Ынтымак» сейил багына камера орнотуу иштери уланууда

Бишкектеги «Ынтымак» сейил багында видео көзөмөл камераларын орнотуу иштери уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө сейил бакта жүздү таануу функциясы бар 6 видео көзөмөл камерасы орнотулду.   Учурда Бишкек ШИИБи VPN каналынын жардамы менен 24 саат бою укук бузуу боюнча көзөмөл жүргүзүүдө.   Мындан тышкары, соода-сатык… Кененирээк…

Москва жашаган миллиардерлердин саны боюнча Forbes басылмасынын рейтингинде алтынчы орунду ээлейт

Москва жашаган миллиардерлердин саны боюнча Forbes басылмасынын рейтингинде алтынчы орунду ээлейт. Россиянын борбор шаарында миллиарддык капиталы менен 61 адам жашайт.   Журналдын эсептөөлөрү менен алардын жалпы байлыгы 307 миллиард долларды түзөт. Мындай ири суммадан Париж жана Нью-Йорк гана алдыда турат.   Франция шаарында – 409… Кененирээк…

Кыргызстан мектептеринде биринчи класстар үчүн бул окуу жылында 186 миң 201 орун бар

Кыргызстан мектептеринде биринчи класстар үчүн бул окуу жылында 186 миң 201 орун бар. Бул өткөн жылга салыштырмалуу, дээрлик 11 миңге көп, — деп билдирди Билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева билдирди.   Ал белгилегендей, электрондук кабыл алуунун биринчи этабы 26-июнга чейин уланат. Андан кийин… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөө быйыл 19-майдан 24-майга чейин өтөт

Жалпы республикалык тестирлөө быйыл 19-майдан 24-майга чейин өтөт. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришкендей, өлкө аймагында жалпысынан 120дан ашык тест борбору ачылат.   Эске салсак, алдын ала маалыматка ылайык, Кыргызстанда быйыл 11-классты 69 миңден ашык окуучу аяктайт.

Бишкекте маршруттук таксилердин кыймылын эми уюлдук тиркеме аркылуу билим алса болот

Бишкекте маршруттук таксилердин кыймылын эми уюлдук тиркеме аркылуу билим алса болот. Ордо калаа мэриясы бул үчүн “Менин шаарым” тиркемесине жаңы функция киргизди.   Эми анда автобус, троллейбустардан тышкары кичи маршруттук таксилердин жүрүү кыймылы дагы жеткиликтүү. Жүргүнчүлөр белгилүү бир каттамды тандап, маршруткалар учурда каякка жетип калганын… Кененирээк…

Мамлекеттик салык кызматы кыргызстандыктарды бирдиктүү декларацияны өз убагында тапшырууга чакырат

Мамлекеттик салык кызматы кыргызстандыктарды бирдиктүү декларацияны өз убагында тапшырууга чакырат. 1-майга чейин физикалык жактар Бирдиктүү салык декларациясын жана кыймылсыз мүлккө, транспортко эсеп маалыматтарын тапшырышы керек.   Документтер эки вариантта кабыл алынат – электрондук версияда salyk.kg сайтынын “жеке кабинет” бөлүмүндө жана кагаз вариантында бардык салык органдарында.

Дүйнөдөгү эң кымбат унаа номери Дубайда 15 миллион долларга сатылды

Дүйнөдөгү эң кымбат унаа номери Дубайда 15 миллион долларга сатылды. Бир гана 7 санын камтыган кооз номер үчүн аукциондо миллионерлер чыныгы талашуу уюштурду.   Маалымат каражаттары жазышкандай, алардын арасында “телеграммдын” негиздөөчүсү Павел Дуров дагы бар. Ал номер үчүн 800 миллион рубль сунуштаган. Бирок аны жергиликтүү… Кененирээк…

Мектепке 1-класстарды кабыл алуу үчүн электрондук кезек  ачылды

Мектепке 1-класстарды кабыл алуу үчүн электрондук кезек  ачылды.   Novosti.kgге Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, ата-энелер mektep.edu.gov.kg порталында каттоодон өтүшү керек.   Бул үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, өзүнүн паспорту, жашаган жеринен маалымкат керектелет. Каттоодон өткөндөн кийин электрондук почтаны улам текшерип туруу сунушталат.

Мамлекеттик салык кызматы ишкерлердин келишимдери боюнча маалыматка мүмкүнчүлүк алат

Мамлекеттик салык кызматы ишкерлердин келишимдери боюнча маалыматка мүмкүнчүлүк алат. Мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, банктар салык органдарына маалыматты соттун чечими жок эле тапшырышы керек болот.   Белгилеп кетүүчү нерсе, салык кызматы келишим жана бүтүмдөр боюнча маалымат ала алат, бирок каржы эсептери жеткиликтүү болбойт.   Мындай… Кененирээк…