Кыргызстандын 5 облусунда кечээ жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо өттү

Кыргызстандын 5 облусунда кечээ жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо өттү. БШК маалыматына ылайык, жалпысынан добуш берүүчүлөрдүн тизмесине   72 миң адам кирип, анын 28 миңи шайлоого катышты.   Бул тизменин 39 пайызын түзөт. Ал эми электрондук форматта 694 жаран добуш берди.   Эске салсак, жергиликтүү кеңеш депутаттарынын… Кененирээк…

Кыргызстан кылмыштуулук эң жогорку деңгээлдеги мамлекеттердин тизмесин толуктады

Кыргызстан кылмыштуулук эң жогорку деңгээлдеги мамлекеттердин тизмесин толуктады. World Population Review изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстан 136 өлкөнүн ичинен 31-орунда турат.   Бизде кылмыштуулуктун индекси 56,87ни түздү. Кылмыштуулук жогорку өлкөлөрдүн сап башында Венесуэла, Папуа – Жаңы Гвинея, Түштүк Африка, Афганистан жана Гондурас жайгашат. Ал эми эң коопсуз… Кененирээк…

Бишкекте жөө жүрүүчүлөр аллеясы пайда болот

Бишкекте жөө жүрүүчүлөр аллеясы пайда болот. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, курулуш алдына Гастелло көчөсүнүн Медеров – Абай тилкеси тандалып алынды.   Аталган участоктун узундугу 500 метрге жетет. Бул жерде адистер топографиялык иштерди жүргүзүп, коммуникация өткөрүп, аллеянын эскизин иштеп чыгат.

Акжол Махмудов Азия чемпиону аталды

Акжол Махмудов Азия чемпиону аталды. 77 килограмм салмакта килемге чыккан Махмудов чейрек финалда түркмөнстандык атаандашын 9:0, жарым финалда япониялык спортчуну 9:1 эсебинде жеңди.   Финалда ирандык Амин Явар Кавиянинежад жаракат алгандыгына байланыштуу жеңиш Акжол Махмудовго ыйгарылды. 24 жаштагы Махмудов ушуну менен 3-жолу Азия чемпиону деп… Кененирээк…

Бүгүн мектептерде балдарды биринчи класска электрондук кезек менен кабыл алуу старт алды

Бүгүн мектептерде балдарды биринчи класска электрондук кезек менен кабыл алуу старт алды.   Бул ирет ал эки этап менен жүргүзүлөт – 10-апрелден 25-июнга чейин туруктуу жашаган жери боюнча.   Ал эми экинчи этаптын алкагында пропискасына карабай, каалаган мектепке – 26-июндан 31-августка чейин кабыл алынат. Билим… Кененирээк…

Сузакта чагылган тийген үй күйүп кетти

Сузак районунун Кара-Инген айылындагы тоонун этегинде жайгашкан үйгө 8-апрелдин таңында чагылган түшүп, күйүп кеткен.   Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлагандай, турак үй өрттөнүп жаткан учурда 14 жаштагы эгиз балдар, алар менен теңтуш дагы бир бала терезеден качып чыгышкан. Үйдө алардан башка эч ким болгон эмес.… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгү бүгүн электр кубатысыз калат

Дүйшөмбү, 10-апрелде, борбор калаанын бир катар көчөлөрүндө электр энергиясы өчөрүн «Бишкек электр тармактары» ишканасынан кабарлашты. Энергетиктер жабдууларды оңдоп-түздөп, электр кубатынын өткөргүчтөрүнө тоскоолук жараткан дарактарды кесип жана башка иштерди аткарышмкачы. Төмөнкү аймактар убактылуу электр энергиясыз калат: Саат 9:00 — 13:00 — Москва, Исанов көчөлөрүнүн тилкелери, Жал-29… Кененирээк…