Мамлекеттик салык кызматы ишкерлердин келишимдери боюнча маалыматка мүмкүнчүлүк алат

Мамлекеттик салык кызматы ишкерлердин келишимдери боюнча маалыматка мүмкүнчүлүк алат. Мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, банктар салык органдарына маалыматты соттун чечими жок эле тапшырышы керек болот.

 

Белгилеп кетүүчү нерсе, салык кызматы келишим жана бүтүмдөр боюнча маалымат ала алат, бирок каржы эсептери жеткиликтүү болбойт.

 

Мындай өзгөртүүлөр бизнести текшерүүдө жеңилдиктерди берет. Учурга карата Кыргызстанда салык текшерүүлөрү бардык катталган ишкерлердин 2 пайызына гана жүргүзүлөт.