Бишкектеги «Ынтымак» сейил багында видео көзөмөл камераларын орнотуу иштери уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө сейил бакта жүздү таануу функциясы бар 6 видео көзөмөл камерасы орнотулду.
Учурда Бишкек ШИИБи VPN каналынын жардамы менен 24 саат бою укук бузуу боюнча көзөмөл жүргүзүүдө.
Мындан тышкары, соода-сатык жана көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары катталат.