Мамлекеттик салык кызматы кыргызстандыктарды бирдиктүү декларацияны өз убагында тапшырууга чакырат

Мамлекеттик салык кызматы кыргызстандыктарды бирдиктүү декларацияны өз убагында тапшырууга чакырат. 1-майга чейин физикалык жактар Бирдиктүү салык декларациясын жана кыймылсыз мүлккө, транспортко эсеп маалыматтарын тапшырышы керек.

 

Документтер эки вариантта кабыл алынат – электрондук версияда salyk.kg сайтынын “жеке кабинет” бөлүмүндө жана кагаз вариантында бардык салык органдарында.