Жалпы республикалык тестирлөө быйыл 19-майдан 24-майга чейин өтөт

Жалпы республикалык тестирлөө быйыл 19-майдан 24-майга чейин өтөт. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришкендей, өлкө аймагында жалпысынан 120дан ашык тест борбору ачылат.

 

Эске салсак, алдын ала маалыматка ылайык, Кыргызстанда быйыл 11-классты 69 миңден ашык окуучу аяктайт.