Мектепке 1-класстарды кабыл алуу үчүн электрондук кезек ачылды.
Novosti.kgге Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, ата-энелер mektep.edu.gov.kg порталында каттоодон өтүшү керек.
Бул үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, өзүнүн паспорту, жашаган жеринен маалымкат керектелет. Каттоодон өткөндөн кийин электрондук почтаны улам текшерип туруу сунушталат.