Сузакта чагылган тийген үй күйүп кетти

Сузак районунун Кара-Инген айылындагы тоонун этегинде жайгашкан үйгө 8-апрелдин таңында чагылган түшүп, күйүп кеткен.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлагандай, турак үй өрттөнүп жаткан учурда 14 жаштагы эгиз балдар, алар менен теңтуш дагы бир бала терезеден качып чыгышкан. Үйдө алардан башка эч ким болгон эмес.

 

ӨКМ үй жараксыз абалга келгенин жана жабыркагандар жок экенин кабарлады.

Балдар туугандарыныкына жайгаштырылган, жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы иш алып барууда.