Акжол Махмудов Азия чемпиону аталды

Акжол Махмудов Азия чемпиону аталды. 77 килограмм салмакта килемге чыккан Махмудов чейрек финалда түркмөнстандык атаандашын 9:0, жарым финалда япониялык спортчуну 9:1 эсебинде жеңди.

 

Финалда ирандык Амин Явар Кавиянинежад жаракат алгандыгына байланыштуу жеңиш Акжол Махмудовго ыйгарылды. 24 жаштагы Махмудов ушуну менен 3-жолу Азия чемпиону деп аталды.

 

Буга чейин ал 2018-жылы жана 2022-жылы Азия чемпионатын уткан. Ошондой эле Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси жана Дүйнө чемпиону.