Бүгүн мектептерде балдарды биринчи класска электрондук кезек менен кабыл алуу старт алды.
Бул ирет ал эки этап менен жүргүзүлөт – 10-апрелден 25-июнга чейин туруктуу жашаган жери боюнча.
Ал эми экинчи этаптын алкагында пропискасына карабай, каалаган мектепке – 26-июндан 31-августка чейин кабыл алынат. Билим берүү министрлигинен эскертишкендей, балдарды кабыл алуу mektep.edu.gov.kg сайтында жүргүзүлөт.