Кыргызстан кылмыштуулук эң жогорку деңгээлдеги мамлекеттердин тизмесин толуктады. World Population Review изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстан 136 өлкөнүн ичинен 31-орунда турат.
Бизде кылмыштуулуктун индекси 56,87ни түздү. Кылмыштуулук жогорку өлкөлөрдүн сап башында Венесуэла, Папуа – Жаңы Гвинея, Түштүк Африка, Афганистан жана Гондурас жайгашат. Ал эми эң коопсуз өлкөлөр деп Швейцария, Дания, Норвегия жана Япония аталды.