Бишкекте жөө жүрүүчүлөр аллеясы пайда болот. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, курулуш алдына Гастелло көчөсүнүн Медеров – Абай тилкеси тандалып алынды.
Аталган участоктун узундугу 500 метрге жетет. Бул жерде адистер топографиялык иштерди жүргүзүп, коммуникация өткөрүп, аллеянын эскизин иштеп чыгат.