Кыргызстан уюлдук интернеттин арзандыгы боюнча 233 өлкөнүн ичинен  5-орунда турат

Кыргызстан уюлдук интернеттин арзандыгы боюнча 233 өлкөнүн ичинен  5-орунда турат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин соода саясаты жана экспортту өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Жунусалиев билдирди.   Биздин өлкөдө интернеттин 1 гигабайтынын баасы болгону 17 центти түзөт. Биринчи орунда 4 цент менен Израиль жайгашат. Андан кийин Италия… Кененирээк…

Кыргызстанда унаа заводун куруу боюнча макулдашуу ратификацияланды

Кыргызстанда унаа заводун куруу боюнча макулдашуу ратификацияланды. Тиешелүү мыйзамга өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Завод куруу боюнча макулдашууга 2023-жылдын 27-январында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке келгенде кол коюлган.   Ал эми Жогорку Кеңеш 16-март күнү мыйзам долбоорун үч окууда жактырган.   Долбоор 3 этап… Кененирээк…

«Манас» аэропортуна кеткен жолдо авария катталды

Бишкек — «Манас» аэропорту жолунда автобус кырсыктады.   Күбөлөрдүн айтымында, автобусту артынан келе жаткан Go BUS маршруткасы (видеодо талаада турган унаа) сүзгөн. Автобустун ичинде он чакты бала болгон. Тез жардам кызматы балдар №1 шаардык ооруканасына жеткирилгенин билдирди. Алардын абалы тууралуу башка маалымат айтыла элек.

Кыргызстанда капиталы 100 млн доллар болгон ишкана түзүлдү

Кыргызстанда капиталы 100 миллион долларлык “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ишканасы түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.   Кабыл алынган чечимге ылайык, анын тең негиздөөчүсү Экономика жана соода министрлиги болду.   Ачык акционердик коом Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы туруктуу өз ара аракеттенүүнү орнотуу,… Кененирээк…

Орозо айтта 9 миңден ашык милиция коопсуздукту камсыз кылат

Ички иштер министрлиги Орозо айт майрамынын алдында жарандардын коопсуздугун күчөтүүдө.   Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, мекеменин бөлүмдөрү коомдук жайларда кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөө максатында ыкчам-алдын алуу мүнөздөгү күчөтүлгөн иш-чараларды өткөрүүдө. Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулууда.   Белгиленгендей,… Кененирээк…

Өлкөнүн тышкы карызын төлөө графикке ылайык жүргүзүлүп жатат

Кыргызстандын тышкы карызын төлөө графикке ылайык жүргүзүлүп жатат. Novosti.kgге Каржы министринин орун басары Руслан Татиков ишендиргендей, бул багытта кооптонууга негиз жок.   “Дүйнөдөгү бардык өлкөлөр карыз алышат. Эгерде өнүккөн өлкөлөрдү карап көрсөк – АКШ, Япония мамлекети деле карыз алат. Бизде бардык карызды тейлөө шарттары графикке… Кененирээк…

Кыргызстанда тышкы карызды төлөөнүн туу чокусу 2027-жылга туура келет

Кыргызстанда тышкы карызды төлөөнүн туу чокусу 2027-жылга туура келет.   Каржы министринин орун басары Руслан Татиковдун маалыматына караганда, сумма 500 миллион доллардан ашат. «Ошонун ичинен эң көп Кытайга төлөөгө мажбур болобуз. Сумма 232 миллион долларга туура келет», — деди Татиков.   Кошумчаласак, андан башка Эл… Кененирээк…

Кыргызстанда ИДПга карата мамлекеттик карыздын деңгээли 42 пайызды түзөт

Кыргызстанда Ички дүң продукцияга карата мамлекеттик карыздын деңгээли 42 пайызды түзөт.   Бул туруктуу көрсөткүч деп белгиледи Каржы министринин орун басары Руслан Татиков: “Бардык өнүккөн мамлекеттерде жана эл аралык теорияда тышкы карыздын көлөмү экономикага же болбосо ИДПга карата салыштырабыз. Азыр биздин тышкы карыздын суммасы ИДПга карата… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына ылайык, бүгүн күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңушу күтүлөт.   Кооптуу тилкелердин тизмесине Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чон-Ашуу, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусу кирет. Айдоочулар… Кененирээк…

Республикадагы жети калкты тейлөө борбору жаңы форматта иштей баштады

Өлкөнүн 7 калкты тейлөө борборунда жаңы форматтагы “фронт-офис” жана “бэк-офис” боюнча пилоттук долбоор ишке кирди. Ал кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу, коррупциялык тобокелдиктерди жоюу жана кезек күтүүгө кеткен убакыттарды азайтууга багытталган.   Жаңы принцип менен Бишкек, Каракол, Ош, Баткен, Шопоков шаарларындагы, Кочкор жана Сузак айылдарындагы борборлор… Кененирээк…