Ашууларда көчкү коркунучу бар

21-24-апрель күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-50-чакырымдарында жана Чоң-Ашуу ашуусунда, Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолундагы Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

 

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

 

21-апрелге караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.