Боом капчыгайында кооптуу таштарды атайлап түшүрүү иштери уланууда.
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, жумуштар 24-апрелден 28-апрелге чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында жүргүзүлөт.
Бул күндөрү эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин транспорт жолдун бир тилкеси менен өткөрүлөт. Тыгындар жаралса, таштарды түшүрүү иштери токтотулуп, унаалар кое берилет.