Ленин округунан шайлоого катышууга арыз бергендердин саны 21ге жетти

Ленин округунан шайлоого катышууга арыз бергендердин саны 21ге жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришткендей, алар өзүн өзү көрсөткөндөр.  Добуш берүүнүн өзү 28-майга белгиленди.

 

Боршайком кампаниянын жалпы сметасын 18,5 миллион сом деп эсептеген. Эске салсак, Ленин райондук бир мандаттуу округ боюнча Жогорку Кеңешке келген Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандыктан, анын орду парламентте бош калган.