Айт намаздан улам эртең Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат

Айт намаздан улам эртең Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, таңкы саат 5тен 9га чейин Фрунзе, Панфилов, Тыныстанов көчөлөрүн жана Чүй проспектисин бириктирген бөлүк чектелет.

 

Бул көчөлөргө токтотулган унаалар эвакуацияланат, — деп эскертишти ведомстводон.

 

Белгилеп кетсек, Айт намаз Эски аянтта окулат.