Ош шаарында ишкерлерди тейлөө борбору ачылды.
Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Борбордун ишинин негизги максаты – мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жана лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, аларды алуу мөөнөттөрүн кыскартуу, ишкерлерге сапаттуу, өз убагында жана жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүү.
Ушундай эле борбор Бишкекте 2021-жылы ачылган.