Бишкектеги жол кырсыгында кеминде 16 киши жабыркады

Бүгүн, 20-апрелде Бишкектен “Манас” аэропортуна бараткан жолдо жол кырсыгы катталды, жабыркагандар бар. Бул тууралуу ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу “Азаттыкка” билдирди.

 

Маалыматка ылайык, жолдо автобус кайрылып жатканда арттан келе жаткан автоунаа сүзүп кеткен. Учурда жол кырсыгынан жабыркагандардын саны такталып жатат, алардын көбү жаш балдар экени белгилүү болду.

 

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы жабыркагандар 16дай адам экенин, аларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын билдирди.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 2022-жылы 7040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам каза болгонун билдирген.

 

Маалымат боюнча, өткөн жылы 2021-жылга салыштырмалуу автоунаа кырсыктары 5,3%, каза тапкандар 20,5% азайган. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 1 миллион 400 миңдей машине бар. ИИМдин эсебинде жол кырсыктарынын 80% айдоочулардын күнөөсүнөн болот.