Улуттук банк дээрлик 41 млн долларга интервенция жасады

Улуттук банк дээрлик 41 миллион долларга интервенция жасады. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси бул жолу валюта рыногуна 40 миллион 970 миң доллар сатты.   Бул жыл башынан берки сегизинчи интервенция. Белгилеп кетсек, интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат.

Бишкектин Бакай-Ата конушуна ФАП курулат

Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) курууга тендер жарыялады.   Сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, пландалган сумма 11 млн 339 миң 506 сомду түзөт. Конкурстук табыштамаларды 2-майга чейин берүү зарыл.   Белгиленгендей, ФАП Бакай-Ата конушунун Ак-Талаа жана Анар көчөлөрүнүн кесилишине курулат.

Бүгүн Бишкектин бир катар конуштарында суу өчүрүлөт

Бүгүн Бишкектин бир катар конуштарында суу өчүрүлөт.   Муниципалитеттен билдиришкендей, 20-апрелде саат 9:00дөн 22:00гө чейин «Баш-Кара-Суу» суу топтомундагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 105-контур, ЖЭБ-2 конуштарында, Достук, Ак-Ордо конуштарында (Ахунбаев көчөсүнөн түштүк тарабы), Ак-Ордо конушунда (Ахунбаев көчөсүнөн жогору), Ак-Ордо конушунда (Өмүр… Кененирээк…

Баткенде 25 турак үй сел кооптуулугунан корголууда

Баткенде 25 турак үй сел кооптуулугунан корголууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Миң-Булак айылында 1 бульдозер тартылып, аталган айылдагы сел өтүүчү сайдын нугу тазаланууда.   «Жумуш бүткөрүлсө, сай жээгине жакын жайгашкан 25 турак үй, 900 метр ички… Кененирээк…