Бишкектин Бакай-Ата конушуна ФАП курулат

Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) курууга тендер жарыялады.

 

Сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, пландалган сумма 11 млн 339 миң 506 сомду түзөт. Конкурстук табыштамаларды 2-майга чейин берүү зарыл.

 

Белгиленгендей, ФАП Бакай-Ата конушунун Ак-Талаа жана Анар көчөлөрүнүн кесилишине курулат.