Бүгүн Бишкектин бир катар конуштарында суу өчүрүлөт

Бүгүн Бишкектин бир катар конуштарында суу өчүрүлөт.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, 20-апрелде саат 9:00дөн 22:00гө чейин «Баш-Кара-Суу» суу топтомундагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 105-контур, ЖЭБ-2 конуштарында, Достук, Ак-Ордо конуштарында (Ахунбаев көчөсүнөн түштүк тарабы), Ак-Ордо конушунда (Ахунбаев көчөсүнөн жогору), Ак-Ордо конушунда (Өмүр көчөсүнүн түштүк тарабы) суу берүү токтотулат.

 

Ошондой эле Сокулук районунун Сарбан айылында, Жал айылында, Жогорку Орок айылында, Кашкабаш айылында таза суу болбойт.