Мыкты билимди элеттеги жөнөкөй мектептерден да алса болот

Genius

Мыкты билимди борбордогу мектептерден гана эмес элеттеги жөнөкөй мектептерден да алса болот. Муну Тоң районунун Темир-Канат айылындагы Кулуке Тилеков атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү Кубанычбек Денсолуков өз мисалында далилдеди.

 

Ал “Алтын тамга” сынагынын жыйынтыгы боюнча мектепти артчыкчылык аттестаты менен аяктагандардын катарына кирди.

 

Эске салсак, өзгөчө үлгүдөгү сертификат алуу үчүн тестти 2 миңдей бүтүрүүчү тапшырган. Негизги жалпы билими тууралуу документ окуучуларга жайында тапшырылат.