“Улуттук энергохолдинг” компаниясы жоюлуп, анын ордуна дирекция түзүлөт.
Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Талайбек Байгазиев билдирди. Анын айтымында жаңы түзүм инвесторлор менен түздөн-түз иштешип, генерация болуучу кубаттуулукту өндүрөт.
Эске салсак, энергетикалык ишканаларды бириктирген мекеме катары 1990-жылдары негизделен холдинг буга чейин 2001-жылы, 2016-жылы да кайра түзүлүп, реформа болгон.