Инвестициялык, улуттук, регионалдык долбоорлор 5 жылга салыктан бошотулат

Кыргызстанда инвестициялык, улуттук, регионалдык долбоорлор 5 жылга салыктан бошотулат. Бул боюнча жалпы жобо жакында бекитилет деп билдирди Novosti.kgге Экономика жана соода министринин орун басары Айнура Үсөнбекова.

 

«Ага чейин ишкер жүрүп жаткан ишмердүүлүгү боюнча отчет берип турат. Анткени балким ал режимди алып бирок иштебей коет. Салык төлөбөйт бирок отчет берип турат”.

 

Кошумчаласак, 5 жылга салыктан бошотуу боюнча Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр өлкөдө токтоп турган ишканаларды жанданткандарга да тиешелүү болот.