Базар-Коргондо сел жүрдү

Базар-Коргондо сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 14-майга караган түгү Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Карача айылында катуу жаан жаап, арыктардан суу ашып, 15 турак үйдүн короосун каптады.

 

Жабыркагандар жана кыйроолор жок. Жеринде айыл өкмөт кызматкерлери, райондук жарандык коргонуу кызматтары жана куткаруучулар тактоо, тазалоо иштерин жүргүзүүдө.